Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинага согуш ачкан орус армиясы 20 миң 100 аскерин, 163 учагын, 145 тик учагын жана 762 танкасын жоготту.

1813177
Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинага согуш ачкан орус армиясы 20 миң 100 аскерин, 163 учагын, 145 тик учагын жана 762 танкасын жоготту.

Украинанын Башкы штабы 24 - февралдан 16 - апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынын 20 миң 100 аскери курман болуп, 163 орус учагы, 145 тик учак, 762 танк, 1982 бронетехника, 371 замбирек, 125 ракета атуу системасы жана 66 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү 1458 унаа, 8 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 138 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

Бир тараптан Украинанын борбор шаары Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын Дарницкий районунун орус күчтөрү тарабынан бомбаланганын жарыялады.

Кличко Telegram каналындагы билдирүүсүндө : «Киевди эртең менен бомбалашты. Шаардын четиндеги Дарницкий районунда жардыруулар болду. Учурда окуя болгон жерде куткаруу жана медициналык топтор иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда»,- деди.

Киев тургундарын аба чабуулу тууралуу эскертүүлөрүнө кулак салууну суранган Кличко шаардан чыгып кеткен тургундарга кайтып келбөөгө жана коопсуз аймактарда калууну сунуш кылды.



Тектеш кабарлар