ЦРУ: "Орусия өзөктүк курал колдонушу мүмкүн"

Уильям Бёрнс Жоржия техникалык университетинин студенттери жана окутуучуларына ЦРУнун иши жөнүндө кайрылуу жасады.

1812745
ЦРУ: "Орусия өзөктүк курал колдонушу мүмкүн"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бёрнс, Орусиянын тактикалык же аз таасирдүү өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенине тынчсыздангандарын айтты.

Уильям Бёрнс Жоржия техникалык университетинин студенттери жана окутуучуларына ЦРУнун иштери жөнүндө кайрылуу жасады.

АКШнын алдындагы үч маанилүү сыноонун Кытай, Орусия жана өнүгүп келе жаткан технологиялар экенин түшүндүргөн Бёрнс: "Мен ак баскан чачымдын көбүн Владимир Путиндин Орусиясы менен алпурушуп атып агартып алдым",- деди.

Бёрнс 15 жыл мурун АКШнын Москвадагы элчиси болуп турганда Владимир Путинден “тынымсыз арызданууну”, “ач көздүктү”, “ишенбөөнү” жана “өч алууга кумарланууну” байкаганын айтты.

Путиндин Орусияга үстөмдүгү кеңейген сайын «тобокелдик эңсөөсүнүн» күчөгөнүн жактаган Бернс, айланасындагылардын да бул абалды эч качан сурабагандарын баса белгиледи.

Путиндин Украинага жаңы жана чоң басып алуу планын даярдаганы тууралуу АКШнын чалгындоо кызматтары өткөн күздүн башында маалымат чогулта баштаганын эске салган ЦРУнун директору, орус лидери жана анын тегерегиндегилердин Орусиянын анын көзөмөлүндөгү Украина менен гана улуу державага айланарын кыялдангандарын айтты. 

Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан согушу менен Украинага азап жана зыян алып келеринен эч кандай күмөн санабагандыгын, жарандарга өтө катуу зомбулук көрсөтөрүн белгилеген Уильям Бернс ,Москванын буга чейин да миңдеген жарандардын өлүмүнө себеп болгон операцияларды жүргүзгөнүн эске салды. 

Бернс Орусиянын тактикалык же аз таасир этүүчү өзөктүк куралды колдонушу мүмкүн экенине кооптонуп жаткандарын, анткени кыйынчылыкка кабылганда өзөктүк куралды колдонуу орус доктринасында болгонун түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар