Филиппинде сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Лейте облусу өлкөдө апааттардан эң көп жабыркаган аймак болду.

1812843
Филиппинде сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны көбөйдү

Филиппинде тропикалык "Меги" бороонунан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 138ге жетти.

132 киши каза тапкан Лейте облусу өлкөдө апааттардан эң көп жабыркаган аймак болду.

Филиппин армиясынан жасалган билдирүүдө Капиз, Аклан, Антик жана Илоило шаарларында 159 аймактын суу астында калганы белгиленди.

10-апрелде сел жана жер көчкүгө себеп болгон Мегинин быйыл Түштүк-Чыгыш Азия өлкөсү Филиппинге таасирин тийгизген биринчи тропикалык бороон экени кабарланды.

Жыл сайын орто эсеп менен 20 бороон жана тайфун болгон Филиппинде 2013-жылы Хайян тайфунунан улам 6 миңден ашуун киши көз жумуп, өлкөдө чоң кыйроолор катталган. 



Тектеш кабарлар