Энтони Блинкен нидерландиялык кесиптеши менен Украина согушу тууралуу сүйлөштү

Блинкен менен Вопке Хоекстранын Россиянын «Украинада Буча жана башка жерлерде кылган мыкаачылыктарды айыптагандары» жана «жооптуулардын жоопко тартылышы үчүн аракет кылгандары» белгиленди.

1812891
Энтони Блинкен нидерландиялык кесиптеши менен Украина согушу тууралуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен нидерландиялык кесиптеши Вопке Хоекстра, Россиянын Украинадагы согушунда жарандардын өлүмүн айыпташкандарын жана Москвага каршы НАТОнун негизинде бирдикте кыймыл кылууну улантышарын баса белгиледи.

Блинкен Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстраны АКШнын борбор шаары Вашингтондо тосуп алды. АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Блинкен менен Вопке Хоекстранын Россиянын «Украинада Буча жана башка жерлерде кылган мыкаачылыктарды айыптагандары» жана «жооптуулардын жоопко тартылышы үчүн аракет кылгандары» белгиленди.

Билдирүүдө АКШ менен Нидерландиянын Украинада Москвага каршы НАТО чатыры астында биргелешкен иш-аракетин уланта турганы, эки министрдин Украинага бериле турган жаңы коргонуу боюнча колдоосун да сүйлөшкөнү белгиленди.

1-апрелде борбор шаар Киевдин жакын Буча шаарын орус аскерлеринен бошоткон украин армиясы имараттары талкаланган жана көчөлөрү  өлүктөргө толгон шаарга туш болду. Киевге жакын жерде бошотулган конуштардан 410 жарандын сөөгү табылган.



Тектеш кабарлар