Россия : "Крейсердеги өрт көзөмөлгө алынды"

Россия "Москва" крейсериндеги өрттүн көзөмөлгө алынып, ок-дарылардын жарылуусу токтотулганын билдирди.

1812414
Россия : "Крейсердеги өрт көзөмөлгө алынды"

Россия "Москва" крейсериндеги өрттүн көзөмөлгө алынып, ок-дарылардын жарылуусу токтотулганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлиги, Украинанын «Нептун» ракетасы менен атканын жарыялаган  Кара деңиз флотуна таандык «Москва» кемесинин абалы тууралуу маалымат берди.

Кеменин сүзө ала турган абалда экени белгиленген билдирүүдө : "Кемедеги өрт көзөмөлгө алынды. Ок - дарылардын жарылуусу токтотулду. Негизгиси ракеталар жабыркаган жок",- деп айтылды.  

Билдирүүдө крейсердин экипажынын аймактагы Россиянын Кара деңиз флотунун башка кемелерине эвакуацияланганы, кеменин портко сүйрөө иштеринин аткарылгандыгы  белгиленди.

Билдирүүдө өрттүн келип чыгуу себептеринин иликтенип жатканы айтылды.

Украин бийликтери кечээ Кара деңизде Россиянын "Москва" крейсерин «Нептун» ракетасы менен аткандарын жана кемеде өрттүн чыкканын жарыялаган. Крейсердин экипажында болжол менен 510 адам болгону белгиленген.

Украинанын маалымат каражаттары Россия - Украина согушунун алгачкы күндөрүндө Жылан аралында украин аскерлерине кол салган «Москва» крейсеринин 2014 - жылы Крымды мыйзамсыз аннексиялоодо украин кемелеринин жээктен чыгышына тоскоол болгонун жазышкан.

"Москва" крейсери 700 чакырым аралыкка жетүүчү 16 кемеге каршы ракета жана С-300 абадан коргонуу ракета системасы менен жабдылган кеме катары белгилүү.

2015-жылы кеме Россиянын деңиз флотунун Жер Ортолук деңизиндеги туруктуу ыкчам тобун жетектеп, Сириядагы орус Хмеймим аскердик авиабазасын коргоо үчүн кызмат кылган.



Тектеш кабарлар