Илон Маскка доо коюлду

Твиттердин мурдагы акционерлери компаниянын акцияларын сатып алууда мыйзам бузду деп Масктын үстүнөн Нью-Йорк штатынын сотуна арызданышты.

1811952
Илон Маскка доо коюлду

Америкалык электромобилдерди өндүрүүчү Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маскты Twitter акцияларын сатып алганын кеч жарыялады деген жүйө менен мурдагы акционерлер сотко берди.

Твиттердин мурдагы акционерлери компаниянын акцияларын сатып алууда мыйзам бузду деп Масктын үстүнөн Нью-Йорк штатынын сотуна арызданышты.

Доочулардын ырасташынча, Twitter акцияларын сатып алуу тууралуу кеч жарыялоо менен Маск социалдык медиа компаниясынын акцияларынын көтөрүлүшүнө жол бербей, муну менен айрым мурдагы акционерлерге зыян келтирген.

Акционерлердин айтымында, Маск Твиттердин кеминде 5 пайызын ээлеп турганда бул тууралуу 14-мартта жарыя кылышы керек болчу, бирок аны 4-апрелге чейин атайылап жарыялаган эмес.

Америка Кошмо Штаттарынын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы (SEC) 4-апрелде Маск Твиттердеги «пассивдүү акциялардын» 9,2 пайызын сатып алганын, бул өнүгүүдөн кийин Twitter акциялары сессияга чейинки соодада 26 пайызга көтөрүлүп, 50 доллар деңгээлине жеткенин жарыялаган.

SECтин жобосуна ылайык, инвесторлор компаниянын 5 пайызын сатып алса, 10 күндүн ичинде жарыя кылышы керек.



Тектеш кабарлар