Бруклиндеги кол салгыч кармалды

Мэр Эрик Адамс маалымат жыйында Бруклиндеги метродо ок атууга шектүү Фрэнк Жеймс кармалганын айтты.

1812006
Бруклиндеги кол салгыч кармалды

АКШда Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс, Бруклин метросундагы кол салууда 23 кишини жарадар кылган 62 жаштагы Фрэнк Р. Жеймстин камакка алынганын кабарлады. 

Эрик Адамс маалымат жыйында Бруклиндеги метродо ок атууга шектүү Фрэнк Жеймстин кармалганын айтып: " Нью-Йорктук досторум. Биз аны кармадык",-деди.

Жеймстин Манхэттендин Чыгыш кыштагында полиция тарабынан токтотулгандан кийин камакка алынганы биллдирилди.

Бир тараптан АКШ басма сөзүнө билдирүү жасашкан жетекчилер, Жеймске «федералдык террордук айыптардын» жүктөлөрүн маалымдашты.

Бруклиндеги бир метро станциясында мурунку күнү болгон кол салууда 10у ок атуучу курал менен 23 кишинин жараланганы билдирилип, биринчи иликтөөлөргө караганда окуянын террордук окуя эмес экени айтылган. 



Тектеш кабарлар