Аргентинадагы демонстрациялар

Демонстранттар инфляциянын өсүп баратканына нааразы болуп, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүнү талап кылышты.

1812001
Аргентинадагы демонстрациялар

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте миңдеген адамдар өкмөттөн социалдык төлөмдөрдү жана жумуш менен камсыз кылууну көбөйтүүнү талап кылып демонстрация өткөрүштү.

Коомдук жана саясий уюмдардын чакырыгы боюнча шаардын борборундагы ар турдуу пункттарга чогулган калың топтор Президенттик имарат Casa Rosadaнын алдындагы Май аянтына чейин барышты.

Көпчүлүгү солчул топтордон турган демонстранттар инфляциянын өсүп баратканына нааразы болуп, социалдык төлөмдөрдү көбөйтүүнү талап кылышты.

Демонстрациялардан улам Буэнос-Айрестин борборунда жол кыймылы үзгүлтүккө учурады.

Президент Альберто Фернандес 28-январда өлкөсүнүн Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен карызды төлөө келишимине жетишкенин жарыялап, 1-мартта төлөмдөр 2026-жылы башталып, 2034-жылы аяктай турганын билдирген. 



Тектеш кабарлар