Ди Майо: "Тынчтык үчүн эң көп аракет кылган өлкө Түркия"

Ди Майо бир радио каналында Орусиянын Украинага каршы согушу жана акыркы абалдар тууралуу билдирүү жасады.

1811826
Ди Майо: "Тынчтык үчүн эң көп аракет кылган өлкө Түркия"

Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо, Украинадагы согушта тынчтык үчүн эң көп аракет кылган өлкөнүн Түркия экенин айтты.

Ди Майо бир радио каналында Орусиянын Украинага каршы согушу жана акыркы абалдар тууралуу билдирүүсүндө тараптар муну четке кагышканы менен дипломатияны тездетүү үчүн аракет кылышы керектигин, дипломатиянын негизги элемент экенин белгиледи.

"Европа Биримдиги (ЕБ) тынчтык конференциясын кубатташ керек" деген Ди Майо: "Ок атышууну токтотуудан мурда тынчтык конференциясын жайылтышыбыз керек. Тынчтык үчүн эң көп аракет кылган, эки тарап менен тең сүйлөшө алган өлкө Түркия»,-деп айтты. 

Италиялык жана орусиялык жетекчилердин ортосунда «күчтүү сөздөр» менен кээ бир пикир келишпестиктер бар экенин белгилеген Ди Майо, Москва менен ар дайым ачык каналдарынын болгонун билдирди. 

Министр Ди Майо, санкциялар менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин каржы булактарын токтотпосо, орус лидеринин бул согушту каржылоону уланта турганын жана жеңем деген ой менен үстөлгө отурууну ойлобой турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар