Зеленский орус аскерлеринин көп сандаган жарылуучу заттарды таштагандыгын айтты

Зеленский : "Баскынчылар бардык жерлерге мина таштап кетишкен. Көчөлөрдө, үйлөрдө, унааларда. Бул аймактарга кайтуунун мүмкүн болушунча коркунучтуу абалга келиши үчүн  атайын жасалган кыймыл",- деди.

1810902
Зеленский орус аскерлеринин көп сандаган жарылуучу заттарды таштагандыгын айтты

Украинын президенти Владимир Зеленский орус бөлүктөрүнүн өлкөсүнүн түндүк аймактарынан чегинип жатып атайылап көп сандаган жарылуучу заттарды таштагандыгын жана мунун согуштук кылмыш катары кабыл алынышы керектигин жактады. 

Зеленский согуштун 47 -  күнүнө баа берген видео билдирүүсүндө орус аскерлеринен бошотулган Украинанын түндүк аймактарында мина тазалоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Бул аймактарда күн сайын кеминде миң жарылуучунун таасирсиз абалга келтирилгендигин айткан Зеленский : "Баскынчылар бардык жерлерге мина таштап кетишкен. Көчөлөрдө, үйлөрдө, унааларда. Бул аймактарга кайтуунун мүмкүн болушунча коркунучтуу абалга келиши үчүн  атайын жасалган кыймыл",- деди. 

Зеленский орус армиясынын аракеттеринен улам өлкөсүнүн дүйнөнүн эң көп мина жайгаштырылыган аймактарынын бири экендигин белгилеп : "Орустардын басып алган жерлерди миналар менен толтурушу согуштук кылмыш катары кабыл алынышы керек. Анткени бул жерлерден чегинүүгө мажбур боло турган болушса да мүмкүн болушунча көптөгөн адамды өлтүрүү же майып кылуу үчүн жасалган нерсе. Мындай аракеттер  түздөн түз буйрук менен жасалат",- деп айтты. 

Мындан тышкары, Зеленский Россиянын Мариуполдун коргоочуларына каршы химиялык курал колдоно аларын жарыялаганын белгилеп : «Биз муну абдан олуттуу кабыл алабыз. Бул Россиянын агрессиясына алда канча катуу жана тезирээк жооп берүү керек дегенди билдирет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар