Украинада Россиянын кол салуулары

Украинада Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Россиянын бомбалоону күчөткөнүн жана кол салууларда бир баланын каза болгонун жарыялады.

1810728
Украинада Россиянын кол салуулары

Украинада Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Россиянын бомбалоону күчөткөнүн жана кол салууларда бир баланын каза болгонун жарыялады.

Игорь Терехов видео кайрылуу аркылуу жасаган билдирүүсүндө согуштун 47-күнү Харьков үчүн оор күн болгонун айтты.

Терехов шаардагы конуштар менен инфраструктура жана Горький паркынын бомбаланганын билдирип : "Тилекке каршы, жарадар болгондор бар,  бир балабыз каза болду", - деди.

Украинанын Башкы штабы Россиянын Донецк жана Луганск облустарын толук басып алуу планынан баш тартпаганын билдирди.

Башкы штабдын Фейсбук эсебинен берилген маалыматта Украина армиясы жана элинин 47-күнү Россиянын аскердик баскынчылыгына каршы баатырдык менен каршылык көрсөтүүнү улантканы белгиленди.

Билдирүүдө орус аскерлеринин Мариуполдун айрым аймактарында чабуул операциясын улантып жаткандыгы маалымдалып : "Душман Донецк жана Луганск облустарын толук басып алуу боюнча планынан баш тартпай жатат», - деп айтылды. 

Билдирүүдө орус аскерлеринин Харьков шаарын бир нече ракеталык система менен жарым-жартылай тосууга аракет кылганы белгиленип :  "Орус аскерлери Херсон шаарынын жана анын аймагынын жарандарына психологиялык таасир жаратуу үчүн  иш алып барууда. Россиянын аскердик операциясын  өз чындыктарынын  негизинде  түшүндүргөн маалымат бюллетендерин таркатышууда",- деп билдирилди. 

Өзгөчө бөлүктөгү аскердик жоготууларын толтуруу үчүн Луганск аймагында 65 жашка чейинки эркектер үчүн мобилизация жарыяланганы билдирүүдө : "Орус аскерлери коомдук имараттарды,  завод-фабрикаларды тинтип, бул курактагы адамдарды аныктап, күч менен аскерге алууда», - деп маалымдалды. 

Украинанын Башкы штабы да 24 - февралдан 12 - апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 19 миң 600 аскер каза болуп, 157 орус учагы, 140 тик учак, 732 танк, 1946 бронетехника, 349 замбирек, 111 ракета атуу системасы жана 63 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү  1406 унаа, 7 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 124 учкучсуз учагын жоготту.

Ошол эле учурда Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук акыркы 24 саатта гуманитардык жардам коридорлору аркылуу дагы 4354 кишинин коопсуз аймактарга эвакуацияланганын билдирди.

Кечээ ачылган гуманитардык жардам коридорлору аркылуу жасалган эвакуацияларга байланыштуу Telegram эсебинен билдирүү жасаган Верещук, Мариуполь жана Бердианск шаарларынан 3 миң 854 кишинин Запорожьеге барганын айтты.

Верещук ошондой эле каршы тараптын ок атышпоо режимин тынымсыз бузганына карабастан кечээ Луганск аймагындагы бир нече шаардан 500дөн ашуун кишини эвакуациялоого жетишкендерин айтты.

Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова Украинада жасалган 6 миң согуш кылмышын иликтеп жатышкандарын билдирди.

Голландиянын коомдук телеканалы NOS программасына видеоконференция аркылуу   катышкан башкы прокурор Венедиктова орустардын «украиндерди жок кылууну» максат кылганын жана орус аскерлеринин кээ бир бомбалуу чабуулдарын жана  өлтүрүү буйругун алганын айтты.

Орустардын жарандарга кол салуулары менен Украинаны коркутуп,  басып алууну каалаганын баса белгилеген Венедиктова : "Согуштун акырына чыгышы жана согуштун кылмышкерлеринин жазаландырылышы үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун күтүп жатабыз",- деди. 

Венедиктова Украина аскерлери кылган "согуштук кылмыштар" да болгон бардык согуштук кылмыштар жаслаган бардык жерлерди көрүүгө аракет кылгандыгын белгиледи. 

 


 

 

 



Тектеш кабарлар