Путин : "Украинадагы аскердик операция эч шексиз максатына жетет"

Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы "атайын аскердик оперцияда" максаттарына жетеринен күмөн санабай тургандарын белгиледи.

1811142
Путин : "Украинадагы аскердик операция эч шексиз максатына жетет"

Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы "атайын аскердик оперцияда" максаттарына жетеринен күмөн санабай тургандарын белгиледи. 

Владимир Путин Россияда белгиленген космонавттар күнүнөн улам Амур  аймагындагы «Восточный» космостук базасына Беларустун  президенти Александр Лукашенко менен барды. Бул жерде  Россия жана Украинанын ортосунда уланып жаткан согушка байланыштуу маалымат берген Путин орус армиясынын Донбасстагы жикчил администрацияларга жардам бергендигин жана Россиянын коопсуздугунун түзүлүшү үчүн чаралардын көрүлгөндүгүн белгиледи. 

Украинадагы кагылышуулардын болушу керектигин айткан Путин : "Башка жолубуз жок болчу жана бул туура. Украинадагы атайын аскердик операциянын максатына жетишинде күмөн жок. Бул максаттар түшүнүктүү. Максатыбыз биз тааныган Донбасс калкына жардам берүү. Муну аткарууга аргасыз болдук",- деди. 

Украинаны батыштын багыттагандыгын белгилеген Путин  Киев башкаруусунун Донбасс маселесин тынчтык жолу менен  чечилишин максат кылган Минск келишимдерин ишке ашырууну четке каккандыгын айтты. 

Россиянын өзүн дүйнөдөн изоляциялоону каалабагандыгын белгилеген Путин сөзүн төмөнкүчө улантты : "Өзүбүздү изоляциялабайбыз. Заманбап дүйнөдө эч ким Россия сыяктуу чоң өлкөнү катуу түрдө изоляциялай албайт. Биз өз ара аракеттенүүнү каалаган өнөктөштөр менен иштешебиз". 

 

 



Тектеш кабарлар