Орус армиясы Украинага чабуулун улантууда

Конашенков Украинадагы согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1811181
Орус армиясы Украинага чабуулун улантууда

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Хмельницкий аймагындагы учак ангарын жана Киев аймагындагы арсеналды абадан жана жерден жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылгандарын билдирди.

Конашенков Украинадагы согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинадагы буталарды түнү бою жогорку тактыктагы куралдар менен атышкандарын айткан Конашенков: «Абадан жана деңизден жогорку тактыктагы ракеталар менен Хмельницкий облусундагы Староконстантинов авиабазасында корголгон ангар жана Киев облусундагы Гавриловка конушунун жанындагы арсенал жок кылынды»,-деди.

Орус аба күчтөрүнүн Украинанын 32 аскерий объектисин жок кылганын белгилеген Конашенков, булардын арасында С-300 абадан коргонуу ракеталык системасын жетектөөчү радар системасы жана БУК-М1 абадан коргонуу ракета системасы бар экенин айтты.

Конашенков: «Ушул убакка чейин украин армиясына таандык 130 учак, 99 тик учак, 244 абадан коргонуу ракеталык системасы, 443 учкучсуз учуучу аппарат, 2 миң 139 танк жана бронетранспортер, 241 көп стволдуу ракета аткычтар, 917 гаубицалар жана минометтор, 2 миң 46 жеке менчик аскердик унаалар жок кылынды»,-деп кабарлады.

Кечээ кечинде Мариуполдо курчоого алынган бир фабрикадан украин аскерлеринин качуу аракетинин ишке ашпай калганын түшүндүргөн Конашенков, 100гө жакын украин аскеринин брондолгон унаалар менен шаардын түндүгүнө карай качууга аракет кылып жатканда артиллерия менен тосулганын билдирди. 

Конашенков 50дөй украин аскерин зыянсыздандырышканын, алардын 42си багынып бергенин айтты.



Тектеш кабарлар