ДССУ Украинада саламаттыкты сактоо борборлоруна 108 кол салуу болгонун билдирди

ДССУнун медициналык каражаттар боюнча жардам берүүнү улантып жатканын баса белгилеген Бхатнагар ушул кезге чейин аймакка 216 тонна  шашылыш жана медициналык каражат жөнөтүшкөнүн белгиледи.

1811176
ДССУ Украинада  саламаттыкты сактоо борборлоруна 108 кол салуу болгонун билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Россия менен согуш болуп жаткан Украинада ушул кезге чейин саламаттыкты сактоо борборлоруна 108 кол салуу болгондугун билдирди. 

БУУнун Женева кеңсесиндеги пресс  - жыйында маалымат берген ДССУнун катчысы Бхану Бхатнагар аймакта саламаттыкты сактоо системасынын  жана медициналык жардамдарга байланыштуу акыркы абалдар тууралуу билдирди.  

Бхатнагар согуш башталган 24 -  февралдан бери ДССУнун саламаттыкты сактоо кызматтарына кол салууларды көзөмөлдөө системасы өлкөдөгү саламаттыкты сактоо борборлоруна 108 кол салуу болгонун ырастап, бул кол салууларда кеминде 73 кишинин каза болгонун жана 51 кишинин жараланганын айтты.

ДССУнун медициналык каражаттар боюнча жардам берүүнү улантып жатканын баса белгилеген Бхатнагар ушул кезге чейин аймакка 216 тонна  шашылыш жана медициналык каражат жөнөтүшкөнүн белгиледи. 

Борбор шаар Киевдеги ДССУ кеңсесинин кайрадан ачылышы үчүн колдорунан келгенди аткаргандарын айткан Бхатнагар : "Борбор шаарда болуубуз абдан маанилүү. Ушундайча коңшу аймактарга барып, ал жердеги  медициналык муктаждыктарды камсыз кылып жана өкмөт  жетекчилери менен тез   -  тез байланышта боло алабыз",- деди. 

Бхатнагар  согуштан катуу жабыркаган Днепрдеги активдүүлүк борборлорун кеңейтүүнү пландап жатышканын баса белгиледи. 

Украинага медициналык жардамдын улана турганын баса белгилеген Бхатнагар алдыдагы күндөрдө кээ бир ооруканаларга 15 генератор жана 20 тез жардам унаасы берилерин айтты.

Бхатнагардын айтымында, учурда 300 саламаттыкты сактоо борборунун кагылышуу линиясында экендигин, 1000ден ашуун борбордун кагылышуулардан улам бошотулгандыгын, бул аймактарда саламаттыкты сактоо кызматтары үзгүлтүккө учураган.

Бир тараптан Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Украинада кризистен жабыркаган 3,1 миллион кишиге 3 ай бою керектүү натуралдык жана акчалай жардамдын берилиши үчүн 590 миллион доллар жардам керек экени белгиленди.

 

 



Тектеш кабарлар