БУУ: "Украиналык 142 бала каза болду"

ЮНИСЕФтин чукул кырдаал программалары боюнча директору Мануэль Фонтейн билдирүү жасады.

1810777
БУУ: "Украиналык 142 бала каза болду"

Орусия баштаган согуштан улам 142 украиналык баланын каза болгондугу билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) чукул кырдаал программалары боюнча директору Мануэль Фонтейн, Украинага болгон сапарынан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде өткөн брифингде, Орусия менен 24-февралдан бери жүрүп жаткан согушта 142 бала каза болуп, 229 баланын жаракат алганын айтты. 

Украинада калган болжолдуу 3,2 миллион баланын жарымынын жетиштүү тамак-ашка жетпегенинен тынчсыздангандарын белгилеген Фонтейн, инфраструктурага жасалган кол салуулардан улам болсо 1,4 миллион кишинин сууга жетпей калганына басым жасады.

Мариуполь жана Херсон шаарларында абалдын алда канча начар экенине көңүл бурган Мануэль Фонтейн, өлкө боюнча мектептердин жабылышынын 5,7 миллион окуучуга таасир эткенин белгиледи.

БУУнун Украинадагы аялдар бөлүмүнүн директору Сима Бахус, зордуктоо жана сексуалдык зомбулук боюнча дооматтардын көбөйгөнүнө көңүл буруп, көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

АКШнын БУУдагы Туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд да украиналык качкындардын 90 пайызынын аялдар жана кыздар экенине, жергиликтүү жетекчилердин айтымында кээ бир украиналык аялдар менен кыздардын орустардын зордуктоосунан качуу үчүн чачтарын кыскартканына көңүл бурду. 

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский болсо бул дооматтар орусиялык күчтөрдү “дикредитациялоого” багытталган “калп” деп билдирди.

Ал эми Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислиц БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Орусияны украиналык балдарды багып алуу үчүн уурдап кетүүдө деп айыптады.

Орусиянын Мариуполь, Донецк сыяктуу жерлерден балдарды уурдап кеткенин жактаган Кислиц: "Баскынчылар Украинадан 121 миңден ашык баланы алып кетишкен", - деди.



Тектеш кабарлар