Зеленский видео кайрылуу жасады

Зеленский, Орусиянын Украинага каршы 24-февралда баштаган согушу тууралуу Telegram баракчасынан видео кайрылуу жасады.

1810279
Зеленский видео кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын өз өлкөсүнө карата ондогон жылдар бою жүргүзүп келген саясатынын туура эмес экенин моюнга алуудан коркуп жатканын билдирди.

Зеленский, Орусиянын Украинага каршы 24-февралда баштаган согушу тууралуу Telegram баракчасынан видео кайрылуу жасады.

Орусиянын өз агрессиясы үчүн Украинаны күнөөлөөгө аракет кылып жатканын белгилеген Зеленский, Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланганын эске салды.

Владимир Зеленский Орусиянын Украинанын Донбасс аймагында нормалдуу жашоону бузуп жатканын баса белгилеп: «Алар 8 жылдан бери биздин жерибизде адамдарды, балдарды өлтүрүп, бизди айыптап келишет. Алар Чыгыш Европанын эң кубаттуу өнөр жай аймагын талкалап, миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйышты, бизге каршы масштабдуу согушту баштады жана бизди күнөөлөп жатышат»,- деди.

Орусиянын Украинага карата «туура эмес» саясат жүрүзгөнүн белгилеген Зеленский: «Алар Украинага карата ондогон жылдар бою жүргүзгөн саясатынын туура эмес экенин жана бардык нерсени бузганын моюнга алуудан коркуп жатышат»,-деп айтты.

Мунун баарынын Орусиянын «коркок» болушунан улам келип чыкканын билдирген Украинанын лидери: «Коркоктук күчөгөндө апаатка айланат. Адамдар өз каталарын мойнуна алып, кечирим сурап, чындыкка көнүүгө кайраты жок болгондо карасанатай болуп калышат. Дүйнө муну көз жаздымда калтырганда болсо карасанатайлар дүйнөнүн өздөрүнө ыңгайлашуусу керек экенине чечим чыгарышат»,-деди.

Украинанын Орусияны токтоторун баса белгилеген Зеленский, бул үчүн керектүү күчкө ээ экенин айтты.



Тектеш кабарлар