Украинага кол салуулар, эвакуациялар,билдирүүлөр,жоготуулар...

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук бир сутканын ичинде кагылышуу болгон аймактардан 2824 кишинин эвакуацияланганын билдирди.

1810250
Украинага кол салуулар, эвакуациялар,билдирүүлөр,жоготуулар...
ukrayna çocuklar
ukrayna.jpg
buca toplu mezar 2.jpg

 

Орусиянын Украинага кол салууларында 183 бала каза болуп, 342 бала жараланды.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча комиссары Людмила Денисова кол салууларда каза болгондордун арасында жүздөгөн балдар бар экенин билдирип:«2022-жылдын 11-апрелинде (жергиликтүү) саат 08:00гө карата Орусиянын чабуулдары башталгандан бери жалпысынан 183 бала каза болуп, 342 бала жараат алды»,-деди.

Денисова ошондой эле орус аскерлери Украинадагы чабуулун улантып жаткандыктан, азыр балдар арасындагы чыныгы каза болгондордун санын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Украинага согуш ачкан орус армиясы 19 миң 500 аскерин, 154 учагын, 137 тик учагын жана 725 танкын жоготту.

Украинанын Башкы штабы 24-февралдан 11-апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 19 миң 500 аскер каза болуп, 154 орус учагы, 137 тик учак, 725 танк, 1923 бронетехника, 347 замбирек, 111 ракета атуу системасы жана 55 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1387 унаа, 7 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 119 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук бир сутканын ичинде кагылышуу болгон аймактардан 2824 кишинин эвакуацияланганын билдирди.

Верещук социалдык медиага жарыялаган видеодо жарандардын кагылышуу болгон аймактардан эвакуация процессине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Верещук: «Бүгүн кооптуу аймактардан 2824 адам эвакуацияланды. Бир сутканын ичинде Мариуполь жана Бердянск шаарларынан 2622 адам жеке унаалары жана жөнөтүлгөн автобустар менен Запорожье шаарына жетти. Алардын 213ү Мариуполь шаарынан, калгандары Полохи, Васильивка, Мелитополь жана Бердянск шаарларынан эвакуацияланды. Луганск облусунан атылган окторго карабастан 202 адам Лысычанск, Северодонецк, Рубижне, Попасна жана Креминна шаарларынан эвакуацияланды»,-деди.

Эвакуация үчүн жөнөтүлгөн автобустардын айрымдарынын орус аскер күчтөрү тарабынан тосулганын белгилеген Ирина Верещук, эвакуациялоону уланта тургандарын айтты.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусиянын Украинадагы аскердик бөлүктөрүн күчтөндүргөнү белгиленип, «Орусияда аскер бөлүктөрүн башка жерге көчүрүү, башкаруу системасын бекемдөө, аскерлерди материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча кадамдар жасалууда»,делди.

Бул үчүн Орусиянын чыгыш жана борбордук аскерий аймактарынан Украина чек арасындагы Белгород, Воронеж жана Курск облустарына аскердик бөлүктөр жайгаштырылганы белгиленип, «Баскынчылар Харьков шаарын жарым-жартылай тосууну улантууда. Харьков шаары үчүн салгылашуу күчөшү мүмкүн»,деген билдирүүлөр камтылган.

Украинанын Луганск аймактык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай орус армиясы Донбасс аймагын толугу менен басып алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Келечекте Донбасс үчүн кагылышуулар күчөй турганын белгилеген Гайдай: «Аймакка аскерий күч жана техника үйүлүп жатканын көрүп жатабыз. Ал үчүн даярдануудабыз»,-деди.

Орус аскер күчтөрүнүн Украинанын Рубижне шаарына кол салганын билдирген маалыматын бөлүшкөн Гайдай коомчулукка кайрылып: «Дагы бир химиялык чабуул болду. Ракеталар Рубижнеге жакын жердеги азот кислотасынын резервуарына тийди. Өзүңөрдү коргогула. Эгер жабык чөйрөдө болсоңор, эшик-терезелерди жапкыла»,-деп эскертти.



Тектеш кабарлар