Нехаммер Твиттерден билдирүү жасады

Карл Нехаммер Украинанын президенти Владимир Зеленский менен кечээки жолугушуусу жана бүгүнкү Орусияга сапары тууралуу маалымат берди.

1810229
Нехаммер Твиттерден билдирүү жасады

Австриянын канцлери Карл Нехаммер, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Орусиянын борбор шаары Москвага бара турганы жөнүндө президент Режеп Таййип Эрдоганга маалымат бергенин билдирди.

Карл Нехаммер Твиттерден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен кечээки жолугушуусу жана бүгүнкү Орусияга сапары тууралуу билдирүү жасады.

Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барарын жарыялаган премьер-министр Нехаммер Австриянын бейтарап өлкө экенин, бирок Орусия баштаган согушка каршы Украина менен «так позицияда экендиктерин» кабарлады.

Нехаммер: «(Согуш) токтошу керек. Гуманитардык коридордун түзүлүүсү, согуш кылмышынын ачыкка чыгаралышы үчүн ок атышпоого муктаждык бар»,-деди.

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин Москвага сапары тууралуу маалымат алганын белгилеген Нехаммер, жолугушуудан президент Режеп Таййип Эрдоган менен Украинанын президенти Зеленскийдин да кабардар болгонун билдирди. 

Нехаммер Орусия-Украина согушу башталган 24-февралдан бери Путин менен бетме-бет жолугушкан биринчи европалык өкмөт башчы болот.



Тектеш кабарлар