Зеленский: «Биздин күтө турган убактыбыз жок»

Украина-Орусия согушунун 45-күнүндө элге кайрылуусунда Зеленский Орусиянын акча агымына дагы оор чектөөлөр киргизилиши керектигин айтты.

1809879
Зеленский: «Биздин күтө турган убактыбыз жок»
johnson-zelenskiy.jpg
vladimir zelenskiy.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын күтүүгө убактысы жок экенин айтып, Батыштан Орусиянын мунай экспортуна эмбарго киргизүүнү суранды.

Украина-Орусия согушунун 45-күнүндө элге кайрылуусунда Зеленский Орусиянын акча агымына дагы оор чектөөлөр киргизилиши керектигин айтты.

Бүткүл цивилизациялуу жана демократиялык дүйнө чара көрүшү керектигин белгилеген Зеленский: «Биз күтө турган убактыбыз жок. Эркиндиктин күтө турган убактысы жок. Орусия өлкөбүзгө жаңы күчтөрүн жана жаңы техникасын алып келүүгө кудурети жетет. Тез арада чара көрүлүп, залимге каршы мунай эмбаргосу киргизилиши керек»,-деп айтты.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун Киевге болгон сапарына токтолгон Зеленский Жонсондун Украинага жаңы каржылык жана коргонуу колдоо пакети менен барганын белгиледи.

Жонсонду украиналыктардын атынан тосуп алуу чоң сыймык экенин айткан Зеленский Улуу Британиянын Украинаны колдоого карата коргонуудагы лидерлиги баш болгон санкция саясаты тарыхта түбөлүккө жазылып калганын баса белгиледи.

Зеленский Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун Украина үчүн Ордуңдан тур өнөктүгүндө Украинанын ичиндеги жана сыртындагы бомбалардан качкандар үчүн чогултулган 10 миллиард доллардан ашык жардам көрсөтүү убадасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бир тараптан Британиянын премьер-министри Жонсон Зеленский менен жолугушуусунан кийин жасаган билдирүүсүндө Украинаны колдоону уланта тургандарын белгилеп: «Өнөктөштөрүбүз менен бирге экономикалык басымды күчөтүп, Орусияга каршы санкцияларды жума сайын күчөтүүнү улантабыз»,-деди.

Жонсон украин элин «баатырлар» деп мүнөздөдү.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар