Трамп Мехмет Өздүн талапкерлигин колдойт
Трамп жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Пенсильвания штатында мыкты жана белгилүү дарыгер Мехмет Өздү АКШ Сенатына шайлап, Американы коргоо үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар»,-деди.
1809919
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Сенатка талапкер болгон дүйнөгө таанымал түрк кардиохирургу профессор доктор Мехмет Өздүн талапкерлигин колдой турганын жарыялады.
Трамп жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Пенсильвания штатында мыкты жана белгилүү дарыгер Мехмет Өздү АКШ Сенатына шайлап, Американы коргоо үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар»,-деди.
Өздүн алгачкы шайлоолордон ийгиликтүү чыга турганын белгилеген Трамп:«Мехмет Өздүн өлкөбүзгө ойго келбеген зыян келтирүүгө аракет кылган радикал солчул демократтарга каршы жалпы шайлоодо жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгү жогору»,-деди.
Мехмет Өз 30-ноябрда Пенсильвания штатынан Республикалык партиянын атынан Сенатка талапкер болуу үчүн ат салышаарын билдирди.