Сауд Арабия ажылыкка бир миллион зыяратчы кабыл алынарын жарыялады

Ковид-19 эпидемиясынан улам Сауд Арабиясы 2020 - жылы өлкөнүн ичинен чектелген санда ажылыкка талапкерлерди кабыл алды.

1809714
Сауд Арабия ажылыкка бир миллион зыяратчы кабыл алынарын жарыялады

Сауд Арабиясы быйыл ажылыкка өлкөнүн ичинен жана тышынан бир миллион зыяратчы кабыл алынарын жарыялады.

Ажылык жана умра министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө зыяратчылар ар бир өлкөнүн үлүшүнө түшкөн санга жараша аныктала турганы билдирилип,  бул жылы ажылык үчүн ыйык жерлерге кабыл алын турган зыяратчыларда 65 жашка чейинки ошондой эле Ковид-19 вакцинасынын негизги дозаларын алуу шартынын киргизилери белгиленди.

Маалыматта ажылык ибадаты үчүн Сауд Арабияга саякатка барган ар бир жүргүнчүнүн 72 сааттын ичинде алынган негатив ПЦР тестинин болушу керектиги билдирилди.

Ажылык жана умра министрлиги да ажылыкка баруучу талапкерлерди ыйык жерге барганда Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу эрежелерди сактоону эскертти.

Ковид-19 эпидемиясынан улам Сауд Арабиясы 2020-жылы өлкөнүн ичинен чектелген санда ажылыкка талапкерлерди кабыл алды.



Тектеш кабарлар