АКШ Словакияга "Патриот" системасын жиберет
Остин : "Мен Украинага С-300 абадан коргонуу системасын берген Словакия өкмөтүнүн берешендигин баалайм»,- деди.
Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Лойд Остин Словакиянын Украинага S-300 абадан коргонуу системасын бергенден кийин АКШнын Европадагы "Патриот" абадан коргонуу системаларынан бирөөнү Словакияга жайгаштырууга буйрук бергенин жарыялады.
Остин : "Мен Украинага С-300 абадан коргонуу системасын берген Словакия өкмөтүнүн берешендигин баалайм»,- деди.
Словакиянын миңдеген украиналык баш калкалоочуларды да кабыл алганына көңүл бурган Остин АКШнын Украинанын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өнөктөштөрү жана союздаштары менен координацияны уланта турганын айтты.
Министр Остин сөзүн төмөнкүчө улантты : "Словакиянын чакыруусу жана менин көрсөтмөм боюнча АКШнын Европадагы командирлиги Словакияда "Патриот" ракеталык комплексин жайгаштырат, аны америкалык аскерлер башкарат. Бул батарея жана тобунун жакынкы күндөрдө жайгаштырыларын күтүп жатабыз. Абадан коргонуу боюнча туруктуу чечимдерди Словакиянын өкмөтү менен кеңешүүнү улантуудабыз. Бул «Патриот» системасын жайгаштыруу убактысы азырынча белгилене элек".
Остин «Патриот» системасынын Словакияга жайгаштырылышынын Чыгыш Словакияда Германия жана Нидерландиядан келген абадан коргонуу элементтеринен турган НАТОнун 5 - көп улуттуу согуштук тобун толуктагандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Беларусь Европада Конвенциялык куралдуу күчтөр келишими ЕКККны токтотту
Беларустун президенти Александр Лукашенко ЕКККны токтоткон мыйзамды бекитти.