Зеленский: «Буча шаарындагы окуядан кийин орус армиясы тактикасын өзгөрттү»

Зеленский бөлүшкөн видео кайрылуусунда Бучадагыларды көргөндөрдөн кийин дүйнөнүн заманбап орус мамлекетине болгон мамилеси өзгөргөнүн айтты.

1808571
Зеленский: «Буча шаарындагы окуядан кийин орус армиясы тактикасын өзгөрттү»
Ukrayna Buça 3.jpg
mariupol.jpeg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Греция парламентинде телеконференция аркылуу сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө согуштун Украинага тийгизген таасирине токтолгон Зеленский Мариуполдо болгон окуяга токтолуп: «Ачкачылыктан жана азап-тозоктон карапайым калк кетүүгө аргасыз болду. Мариуполдо дагы 100 миң адам жашайт. Зыян тартпаган имарат калган жок»,-деди.

Зеленский Мариуполдо жашаган грек тектүү коомчулуктун бар экенин эскертип: «Украина гректер христиан кылган православдык өлкөлөрдүн бири»,-деп айтты.

Орусиянын зыяндуу аракеттери бир гана Украинага эмес, бүткүл Европага багытталганын баса белгилеген Зеленский: «Орустар бүтүндөй Европага зыян келтирүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат. Өзгөчө жаратылыш газы жана мунай сыяктуу ресурстарын пайдалануу менен. Энергетика рыногунда жана дүйнөлүк азык-түлүк өнөр жайында чоң тартыштыктарга себеп болсо дагы»,-деди.

Зеленский Европанын орус банктары менен кемелерине сыртын салуусун талап кылып, Украинанын Орусияга каршы санкцияларды да, курал-жарактарды да колдонууга муктаж экенин баса белгиледи.

Зеленскийдин Греция парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Азов батальонунда согушуп жүргөнүн айткан грек тектүү бир жоокердин Украинадагы абалды сүрөттөгөн кыска видеосуна орун берилиши, грек оппозициясынын реакциясын жаратты.

Кээ бир депутаттар парламенттен чыгып кетсе, Радикалдуу солчул альянс (СИРИЗА), Грециянын Коммунисттик партиясы (ККЕ), Өзгөрүү кыймылы партиясы (KINAL) жана Mera25 партиясы өкмөттөн бул маселе боюнча түшүндүрмө сурады.

Негизги оппозициялык СИРИЗА партиясынын лидери Алексис Ципрас Твиттердеги билдирүүсүндө кырдаалды «тарыхый уят» деп сыпаттады.

«Албетте, биз украин эли менен тилектешпиз. Бирок нацисттер ассамблеяда сүйлөй албайт»,- деди ал.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Яннис Иконому темага байланыштуу билдирүү жасап: «Азов Биримдиги менен байланышы бар адамдын сөзүнүн кошулуусу туура эмес болчу жана анын максатына каршы келет»,-деди.

Бир таратан, Украинанын президенти Владимир Зеленский Буча шаарындагы окуядан кийин орус армиясы тактикасын өзгөртүп, басып алган аймактардагы кылмыштарынын далилин жок кылууга аракет кылганын айтты.

Зеленский бөлүшкөн видео кайрылуусунда Бучадагыларды көргөндөрдөн кийин дүйнөнүн заманбап орус мамлекетине болгон мамилеси өзгөргөнүн айтты.

Сөз болуп жаткан окуядан кийин орус аскерлеринин кылмыштарынын далилдерин жок кылууга аракет кылганына көңүл бурган Зеленский: «Бучадан кийин орус армиясы тактикасын өзгөрттү. Жок кылынган украиналыктарды басып алынган аймактардын көчөлөрүнөн жана жер төлөлөрүнөн тазалоого аракет кылганы тууралуу маалымат бар. Бирок алар жоопкерчиликтен качып кутула алышпайт. Ансыз деле миңдеген жарандар дайынсыз болуп жатканын билебиз»,- деди.

Зеленский объективдүү иликтөөнүн, күбөлөрдүн угулушу жана спутниктик байкоолордун алынышы менен Орусия Украинанын аймагындагы согуш кылмыштарынын бетин ачып, чындыкты издөөнү уланта турганын белгиледи.

Батыш өлкөлөрүнүн бүгүн Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетин жарыялаганын жана бул санкциялар эффективдүү көрүнгөнү менен жетишсиз экенин баса белгилеген Зеленский: «Биз орусиялык банк тутумунун эл аралык каржыдан толук бөгөттөлүшүн талап кылууну улантабыз. Ошондой эле демократиялык дүйнөнүн тигил же бул формада орус мунайынан баш тартышын камсыз кылабыз»,-деп айтты.

Зеленский согушту токтотуу үчүн дагы көп нерселерди жасоо керектигин баса белгилеп: «Бизге чындап эле керек болгон курал-жарак менен Орусияга каршы оор санкциялар пакети. Болбосо Орусия муну Донбасста жаңы кандуу толкунду баштоого уруксат катары көрөт»,-деди.

Мындан тышкары, Зеленский коопсуз аймактарда экономикалык иш-аракеттерди жандандырууну чечкенин белгилеп: «Мен жеринде душман менен тикелей тирешүү коркунучу жок аймактардагы жамааттардын бардык лидерлерин эл кайтып келиши жана экономикалык процесстерди кайра баштоо үчүн иштөө үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын жасоого чакырам»,-деп айтты.

Каршы тараптын согуштук күчүн арттырып, кайрадан активдүү чабуул операцияларын баштоого даярданып жатканын белгилеген Зеленский: «Биз согушабыз жана артка чегинбейбиз. Орусия тынчтыкты олуттуу түрдө издей баштаганга чейин өзүбүздү коргоо үчүн бардык варианттарды карап чыгабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар