Орусия украин тараптын туткундалган аскерлерди алмаштыруу процессине тоскоол болгонун билдирди

Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил Мизинцев борбор шаар Москвада Украина менен туткун алмашуу процесси тууралуу билдирүү жасады.

1808535
Орусия украин тараптын туткундалган аскерлерди алмаштыруу процессине тоскоол болгонун билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги украин тараптын согушта туткундалган аскерлерди алмаштыруу процессине тоскоол болгонун билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөлдөө борборунун башчысы Михаил Мизинцев борбор шаар Москвада Украина менен туткун алмашуу процесси тууралуу билдирүү жасады.

Согушта туткунга түшкөн украин аскерлери үчүн Женева конвенцияларына ылайык шарттар түзүлгөнүн белгилеген Мизинцев: «Жоокерлер жакшы шартта турушат, 3 маал тамактанышат жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Жоокерлерге эч кандай зордук-зомбулук, психологиялык басым жок», - деди.

Мизинцев туткун алмашуу үчүн даярдалган тизмеде 251 аскердин бар экенин белгилеп, Украинанын туткун алмашуу процессине тоскоол болгонун айтты.

Михаил Мизинцев: «Киев администрациясы алдын ала макулдашылган шарттарда туткундарды алмаштырууга көптөн бери тоскоолдук кылып келет. Бүгүн (кечээ) пландалган туткундарды алмаштырууга Украина бөгөт койду. Украин тарап да бул гуманитардык маселеде ырааттуу эмес иш алып барууда. Бул туткунга алынган орус аскерлери жакшы эмес экен деп ойлонууга себеп болот»,-деп айтты.

Кармалган орус аскерлеринин кыйноого алынганын билдирген Мизинцев мунун Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана Эл аралык Кызыл Крест Комитети (ЭККК) тарабынан катталбаганын айтты.

Гуманитардык жардам менен алектенген эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө орус аскерлерине барууга уруксат берүү керектигин билдирген Михаил Мизинцев:«Эгер Кызыл Крест жана башка гуманитардык уюмдар бул боюнча чара көрбөсө, Орусия Федерациясы тез арада БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырып, Украинанын өкүлдөрүнөн жана Кызыл Кресттин өкүлдөрүнөн туткунга алынган орус аскерлеринин абалы ден-соолугу жана кармалган шарттары боюнча кеңири отчетторду талап кылышы мүмкүн»,-деп айтты.

Буча шаарында жайкын тургундардын өлүмүнө байланыштуу «чагым» болгонун жүйө келтирген орусиялык аткаминер бул окуянын эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан иликтениши керектигин баса белгиледи.

Мизинцев ошондой эле Киев жетекчилигинин борбор калаа Киев жана Суми аймактарында жарандарды колдонуу менен жаңы провокацияларды даярдап жатканын айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.

 



Тектеш кабарлар