Европа Биримдиги Азербайжан - Армения сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

Шарль Мишель Азербайжан менен Армениянын ортосундагы «тынчтык сүйлөшүүлөрү» тууралуу : «Бирдикте тынчтык келишимин даярдоо максатында тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн так бир процессти баштоого чечим чыгардык».

1808621
Европа Биримдиги Азербайжан  -  Армения сүйлөшүүлөрү тууралуу билдирди

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы  Шарль Мишель Азербайжан менен Армениянын ортосундагы «тынчтык сүйлөшүүлөрү» тууралуу : «Бирдикте тынчтык келишимин даярдоо максатында тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн так бир процессти баштоого чечим чыгардык»,- деди.

Шарль Мишель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер - министри Никол Пашинян менен өз - өзүнчө жолугушкандан кийин кечки тамакта үчөө бирге жолугушту.  5 саатка жакын созулган жолугушуудан кийин Мишель пресс  - жыйын өткөрдү.

Мишель лидерлердин ыктымалдуу тынчтык келишимин даярдоо үчүн так бир процесс баштоо жана бирдикте иш алып баруу тобун түзүү үчүн келишкендерин белгиледи.

Жолугушууну «мыкты жана абдан түшүмдүү» деп мүнөздөгөн Мишель : «Баарыбыз бирдикте тынчтык келишимин даярдоо максатында тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн так бир процесс баштоого чечим чыгардык»,- деди.

«Келишимге кол коюу үчүн канча убакыт керек?»,- деген суроого жооп берүүнүн кыйын экендигин бирок декабрь айында болгон биринчи сүйлөшүүдөн бери көп иштешип, эки тараптын алдыңкылыктары жана жоопкерчиликтери эмнелер экендиги тууралуу сүйлөшүлгөндүгүн баса белгилеген Мишель : «Алдыга жылып бара жатабыз. Эки тараптын кыйынчылыктарын жеңил деп ойлобоймун бирок алдыга жылуу үчүн жалпы каалоо бар»,- деп сөзүн төмөнкүчө улантты : «Бүгүн туура багытта маанилүү бир кадам таштадык. Бул албетте бардык маселе чечилди деген мааниге келбейт бирок жолугушуу үчүн ыктымалдуу элементтердин эмне экендигин дагы жашкы түшүнгөн, эртерээк тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукту кепилдикке алган келишим түзүү үчүн алдыга карай жылып бара жатабыз деген маниге келүүдө».

Ошол эле учурда Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Мишель, Алиев жана Пашиняндын үч тараптуу жолугушуусунда түзүлгөн келишимди «Азербайжандын кызыкчылыгы,  аймактын тынчтык жана бейпилдик ичинде өнүгүүсү үчүн ташталган маанилүү кадам»,- деп мүнөздөдү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мишел, Алиев жана Пашиняндын жолугушуусунда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык келишими үчүн даярдыктарды баштоо үчүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтерине тапшырма берилишине чечим чыгарылганы белгиленди.

Билдирүүдө тараптардын Азербайжан менен Армениянын чек ара сызыгын аныктоо үчүн 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин биргелешкен чек ара комиссиясын түзүүнү макулдашканы маалымдалды.

Билдирүүдө үч тараптуу жолугушууда Азербайжан менен Армениянын ортосунда авто жана темир жолдордун ачылышы да сүйлөшүлгөнү белгиленип : "Брюсселдеги жолугушуу Азербайжандын кызыкчылыгы жана аймактын тынчтык жана бейпилдик ичинде өнүгүүсү үчүн ташталган маанилүү кадам»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар