Буркина Фасодо мурдагы президент Роч Кристиан Каборе бошотулду

Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Каборе менен 3 жумадай сүйлөшүүнүн натыйжасында бошотулганы жана 6 - апрелден тарта борбор шаар Вагадугудагы жеке резиденциясына көчкөндүгү  жарыяланды.

1808632
Буркина Фасодо мурдагы президент Роч Кристиан Каборе бошотулду

Буркина - Фасодо 24 - январдагы төңкөрүш менен бийликтен кулатылган жана андан бери армиянын колунда кармалган мурдагы президент Роч Кристиан Каборе бошотулду.

Өкмөттөн берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Каборе менен 3 жумадай сүйлөшүүнүн натыйжасында бошотулганы жана 6 - апрелден тарта борбор шаар Вагадугудагы жеке резиденциясына көчкөндүгү  жарыяланды.

 Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу (ECOWAS) башта болгон бир топ мекеме жана жарандык коом уюмдары  өткөөл өкмөттөн Каборенин мүмкүн болушунча тезирээк бошотулушун талап кылып жаткан. 

Каборе 24 - январдагы төңкөрүштөн кийин атайын  коргоого алынган резиденцияда кармалып турган.

Буркина-Фасодо 24-январда төңкөрүш жасаган подполковник Пол-Анри Дамиба 2-мартта өткөөл процесстин президенти болуп, 3-мартта Альберт Оуэдраого премьер-министр болуп дайындалды.

Кедраого 6-мартта 3 жыл иштей турган, 25 мүчөдөн турган өткөөл өкмөттү түзгөн.



Тектеш кабарлар