Орус саясатчы Жириновский каза болду

Россияда  парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин жалпы жыйында Жириновскийдин каза болгонун билдирди.

1808333
Орус саясатчы Жириновский каза болду

Россиядагы  Либерал-демократиялык партиянын лидери  Владимир Жириновский каза болду.

Россияда  парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин жалпы жыйында Жириновскийдин каза болгонун билдирди. Володин : "Узакка созулган оор оорудан кийин Владимир Жириновский каза болду",- деди.

75 жаштагы Жириновский 2-февралдан бери борбор шаар  Москвага жеткирилген ооруканада коронавирустун жаңы түрү Ковид-19 диагнозу менен дарыланып жаткан.

Орус саясатындагы алдыңкы фигуралардын бири жана Батышка каршы сөздөрү  менен таанылган Жириновский Британияны Россиянын “акыркы бир нече кылымдардагы эң чоң душманы” деп мүнөздөгөн.

Президенттикке көп жолу талапкер болуп, бирок жеңе албаган  саясатчы 2012 - жылы акыркы талапкер болгон президенттик шайлоодо 6 пайыз гана добуш алган.

Жириновский түрк, англис, француз жана немис тилдерин билген.



Тектеш кабарлар