БУУ: "Орусия Украинада кассеталык бомбаларды колдонду"

БУУнун башкы катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Розмари ди Карло брифинг берди.

1807698
БУУ: "Орусия Украинада кассеталык бомбаларды колдонду"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусиянын Украинанын калктуу конуштарында кеминде 24 жолу кассеталык бомба колдонгондугуна байланыштуу ишенимдүү маалыматтар бар экенин билдирди.

БУУнун башкы катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Розмари ди Карло БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги брифингинде, Орусиянын Украинага каршы 24-февралда баштаган согушунда кеминде 1480 жайкын тургундун набыт болгонун, 2195 кишинин жаракат алганын айтты.

Орусиянын Украинадагы отурукташуу жерлеринде кеминде 24 жолу кассеталык бомба колдонгонуна байланыштуу ишенимдүү маалыматтар бар экенин белгилеген ди Карло, орус армиясына да украин армиясына да жана куралдуу топторго карата да сексуалдык зомбулук жана зордуктоо айыптоолоруна көңүлдөрдү бурду.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Мартин Гриффитс болсо Мариуполь шаарын «тозокко» салыштырып, украин калкынын төрттөн бир бөлүгүнүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.



Тектеш кабарлар