Борис Жонсон орус элине кайрылуу жасады

Борис Жонсон орус элине 1 мүнөт 50 секунддук кайрылуусунда орус тилинде: «Орус эли чындыкты билүүгө татыктуу, сен чындыкты билүүгө татыктуусуң» деп баштады.

1807941
Борис Жонсон орус элине кайрылуу жасады

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путин «дүйнөнүн үрөйүн учурган мыкаачылыктар үчүн» согуш кылмыштарын кылганы менен айыпталганын белгилеп, орустардан чындыктарды иликтөөнү суранды.

Борис Жонсон орус элине 1 мүнөт 50 секунддук кайрылуусунда орус тилинде: «Орус эли чындыкты билүүгө татыктуу, сен чындыкты билүүгө татыктуусуң» деп баштады.

Андан соң англис тилинде уланткан Жонсон орус аскерлеринин Буча, Ирпинде жана Украинанын башка жерлеринде жасаган мыкаачылыктары дүйнөнүн үрөйүн учурганын аайтып: «Жарандар кырылды, колун байлап атып салышкан. Аялдар жаш балдарынын көзүнчө зордукталган. Денелери одоно түрдө өрттөлгөн, массалык мүрзөлөргө ыргытылган же көчөдө калтырылган»,-деди.

Орус өкмөтүнүн бул «үрөй учурган жана ыза кылган» аракеттерин коомчулуктан жашырууга аракет кылып жатканы таң калыштуу эмес экенин белгилеген Британиянын премьер-министри: “Сиздин президентиңиз эмне кылып жатканын көрө алсаңыз, анын согушун колдобой турганыңызды билет»,-деп айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин да мунун Орусиянын ар-намысына доо экенин билгенин айткан Жонсон, орус калкынан VPN аркылуу Орусияда тыюу салынган сайттарга кирип, чындыкка жетүү үчүн изилдөө жүргүзүүсүн суранды.

Күнөөлүүлөрдүн жоопко тартыла турганын белгилеген Британиянын премьер-министри орусча сүйлөп: «Президентиңиз согуш кылмыштары менен айыпталууда. Бирок анын сиздин атыңыздан аракет кылып жатканына ишене албайм»,-деп жыйынтыктады.



Тектеш кабарлар