АКШдан Украинага кошумча аскердик жардам берет

АКШ башкаруусу Украина армиясына 100 миллион долларлык кошумча аскердик каражат жана ок  - дары берет.

1808065
АКШдан  Украинага кошумча аскердик жардам берет

АКШ башкаруусу Украина армиясына 100 миллион долларлык кошумча аскердик каражат жана ок  - дары берет.

Пентагондун катчысы Жон Кирби  берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Бүгүн Байден башкаруусу Украинанын чукул муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн мындан мурда да берилген жана украиналыктардын өлкөлөрүн коргоо үчүн колдонгон Javelin курал - жарактарды тешип өтүүчү ок - дарыларды жеткирүү үчүн 100 миллион долларга чейин кошумча коопсуздук жардамын бекитти»,- деди.

Кирби бул 100 миллион долларлык Javelin ракеталарынын Америка армиясынын инвентарынан камсыздаларына көңүлдөрдү бурду.

Бул жардам менен Байден кызматка келгенден бери Украинага берилген аскердик жардамдын 2 миллиард  4 миллион доллардан ашкандыгын белгилеген Кирби бул сандын 1, 7 миллиард долларынын Россия 24 -  февралда Украинага согуш ачышынан бери берилгендигин эске салды.  

Бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүнү АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен жасады. Блинкен : «Дүйнө Россия күчтөрүнүн Бучада жана жалпы Украинада кылган мыкаачылыгына таң калып, үрөйү учту.  Украина күчтөрү өлкөлөрүн жана эркиндиктерин тайманбастан коргоону улантууда жана АКШ, союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүз  Украинанын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгүн колдоодо чечкиндүү турат»,- деп айтылды.

Байдендин буйругу менен Украина армиясына 100 миллион долларлык курал - жарактарды тешип өтүүчү ок - дарылардын жеткирилишине уруксат бергенин белгилеген Блинкен, бул жардам пакетинин АКШ армиясынын инвентаризациясынан Украина армиясына берилген алтынчы жардам пакети экенин белгиледи.

Россия - Украина согушу башталгандан бери 30дан ашуун өлкөнүн Украинага жардам бергенине көңүл бурган Блинкен : «Союздаштарыбыз жана өнөктөштүрүбүз менен  Украинанын коргонуусун колдоо үчүн коопсуздук боюнча жардам көрсөтүүнү, ошондой эле Россиянын ырайымсыз мыкаачылыгынан жапа чеккен элге экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар