АКШ, Британия, Австралия гипер үндүү куралдар боюнча кызматташат

Америка Кошмо Штаттары, Британия  жана Австралия кол койгон «AUKUS» келишиминин алкагында гипер үн куралдары боюнча кызматташа тургандарын жарыялашты.

1807777
АКШ, Британия, Австралия гипер үндүү куралдар боюнча кызматташат

Сөз болгон өлкөлөрдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисондун "AUKUS" келишиминин алкагында баа берүү жыйынын өткөрүшкөндөрү билдирилди. Билдирүүдө өлкөлөрдүн "AUKUSка" жана "ачык жана эркин Индо-Тынч океанга" берилгендиги ырасталды.

24 -  февралда чыккан Россия  - Украина согушу тууралуу да малымат берилген билдирүүдө : «Россиянын негизсиз  жана мыйзамсыз түрдө Украинаны басып алышына каршы адам укуктарына, укуктун үстөмдүгүнө, келишпестиктердин тынчтык жолу менен чечилишине карата эл аралык системага карата чечкиндүүлүгүбүздү ырастадык»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Австралиянын куралдуу жана атомдук энергия менен иштеген суу түбүндөгү  кеме программасы үчүн 3 өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимде басып өтүлгөн жолуна ыраазычылык билдирилип : «Бүгүн биз гиперүндүү куралдар жана электрондук согуштук жабдуулар боюнча жаңы үч тараптуу кызматташтыкты баштадык жана коргонуу инновациялары боюнча кызматташуубузду тереңдетүүнү чечтик»,- деп билдирилди.

Австралия, Британия жана АКШ менен 2021-жылдын 15 - сентябрында кол коюлган "AUKUS" коопсуздук келишимине ылайык, Түштүк Австралиянын  борбору Аделаидадагы кеме куруучу заводдордо кеминде 8 атомдук суу астында жүрүүчү кеме кура турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар