АКШ Россиянын БУУнун Женевадагы Адам укуктары кеңешинен чыгаруу демилегсин көтөрөт

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланган өлкөнүн мүчөлүгү БУУнун Башкы ассамблеясынын 193 мүчөсүнүн үчтөн экисинин добушу менен токтотулушу мүмкүн.

1807017
АКШ Россиянын БУУнун  Женевадагы Адам укуктары кеңешинен чыгаруу демилегсин көтөрөт

Америка Кошмо Штаттары  24 - февралда Украинага каршы башталган согуштан улам Россияны Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы Адам укуктары кеңешинен чыгаруу демилгесин көтөрө турганын жарыялады. АКШнын БУУдагы туруктуу  өкүлчүлүгүнүн катчысы Оливия Далтон Твиттерден берген маалыматында АКШнын БУУдагы элчиси  Линда Томас Гринфилддин  Украинанын Буча шаарында жарандардын  өлүмүнөн кийин Россиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүн токтотуу боюнча аракетке өтөрүн билдирди. 

Далтон Россиянын БУУнун Адам укуктары кеңешиндеги мүчөлүгүн токтотуу үчүн АКШнын Украина, Европа өлкөлөрү жана башка өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланган өлкөнүн мүчөлүгү БУУнун Башкы ассамблеясынын 193 мүчөсүнүн үчтөн экисинин добушу менен токтотулушу мүмкүн. Бул кадам 2011-жылы Ливия үчүн жасалып, Ливия БУУнун Адам укуктары  кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылган.

 

 



Тектеш кабарлар