Зеленский карапайым тургундарды кыйнап өлтүрүүнү «геноцид» деп белгиледи

Владимир Зеленский америкалык CBS телеканалы менен байланышып, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна баа берди.

1806580
Зеленский карапайым тургундарды кыйнап өлтүрүүнү «геноцид» деп белгиледи

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясы баш калаа Киевге жакын конуштарда көптөгөн карапайым тургундарды кыйнап өлтүргөнүн жана мунун «геноцид» болгонун белгиледи.

Владимир Зеленский америкалык CBS телеканалы менен байланышып, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна баа берди.

Орусиянын чегинүүсүнүн тактикалык күч алмашуу болгонун айткан Зеленский орус армиясынын кээ бир шаарларды алуу үчүн көп сандаган аракет жасаганын, мунун Киевге жакын жердеги кээ бир калктуу конуштарда чоң кыйроого алып келгенин айтты.

Зеленский согуштук тасмаларды өтө көп көргөнүн айтып: «Бирок биз мындай нерсени элестете алган жокпуз. Бүтүндөй бир өлкөнү жок кылуу чечими - бул маньяктык чечим»,-деди.

Украин лидери орус армиясы Украинанын чыгышына басым жасап, Крым менен Донбасс аймагын бириктирүү үчүн чогулганын жана ал жакка чечендерди ташыганын айтты.

Орустардын чегинүүсүнөн кийин Киевдин айланасындагы отурукташууларда пайда болгон кыйроолорго байланыштуу жарандардын жансыз денелери жана көрүнүштөргө баа берген украин лидери, Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул өлүмгө тиешеси бар бардык командирлердин соттолушу керектигин баса белгиледи.

Зеленский: «Колу байланган, денеси кесилген, кыйноого кабылган, өлтүрүлгөн балдардын сүрөттөрүн элестете албайм»,-деп сереп салды.

Киевдин жанындагы конуштарда болуп өткөн окуялар «геноцид» болуп эсептелеби? деген суроого Зеленский: «Албетте, бул геноцид. Бул бүткүл улутту жана элди жок кылуу. Биз Украинанын жарандарыбыз. Бизде жүздөн ашуун улуттар бар. Бул бардык улуттардын жок кылынышы жөнүндө. Биз Украинанын жарандарыбыз жана биз Орусия Федерациясынын саясатына баш ийүүнү каалабайбыз. Ошондуктан биз талкаланып жатабыз. Бул 21-кылымдын Европасында болуп жатат»,-деп жооп берди.

Согуштун сөзсүз бүтүшү керектигин белгилеген Зеленский, миңдеген адамдар каза болгон учурда тынчтыкка макул болгусу келбегенин, бирок башка жол жок экенин белгиледи.

Владимир Зеленский: «Мен президент катары айтам, эгер биз жүз миңдеген, миллиондогон адамдардын өлүшүн каалабасак, диалогдон башка жол жок»,-деди.

Украинанын президенти видео кайрылуусунда болсо Германиянын мурдагы премьер-министри Ангела Меркелди жана Франциянын мурдагы президенти Николас Саркозини орус аскерлеринен бошотулган Бучага зыярат кылууга чакырды.

Баш калаа Киевге жакын жайгашкан Буча шаарын орус аскерлеринен 1-апрелде бошоткон украин армиясы имараттары талкаланып, көчөлөрү өлүктөргө толгон шаарга туш келген.



Тектеш кабарлар