Словакия орус газын рубль менен сатып алат

Ричард Сулик билдирүү жасады.

1806853
Словакия орус газын рубль менен сатып алат

Словакиянын экономика министри Ричард Сулик, өлкөсүнүн газ агымын улантуусу үчүн керек болсо орус газын рубль менен сатып ала турганын айтты.

Сулик улуттук телеканал аркылуу билдирүү жасап: «Эгерде рубль менен төлөө талабы бар болсо, анда биз рубль менен төлөйбүз»,- деди.

Орус импортунун Словакиядагы газдын 85 пайызга жакынын түзөрүн, ошондуктан өлкө бийлиги бул жаатта прагматикалык бойдон кала берерин баса белгиледи.

Европанын берки өлкөлөрүн жалпы чечим издөөгө чакырган Сулик: "Газдан баш тарта албайбыз",-деди.

Словакиянын экономика министри, айрым европалык саясатчылар менен бирге камсыздоочуларды диверсификациялоо керектигин, бирок бул үчүн бир нече жыл талап кылынышы мүмкүн экенин, өздөрүнүн болсо күйүүчү май сатып алуу маселесин чечүү үчүн эки ай гана убакыты бар экенин билдирди.

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин газды рубль менен төлөө механизмин киргизүү боюнча жаңы жарлыкка кол койгон болчу. 



Тектеш кабарлар