Кулеба: "Евробиримдиктин Орусияга каршы 5-санкция пакети жетишсиз"
Кулеба Твиттердеги баракчасынан видео кайрылуусун жарыялады.
![Кулеба: "Евробиримдиктин Орусияга каршы 5-санкция пакети жетишсиз"](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1e13/fb0b/a009/6228694a846ab.jpg?time=1718727630)
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Европа Биримдигинин (ЕБ) Орусияга каршы бешинчи санкция пакетинин азыркы түрүндө жетишсиз экенин билдирди.
Твиттердеги баракчасынан видео кайрылуусун жарыялаган Кулеба, Евробиримдиктин акыркы жумаларда Орусияга каршы пландалган санкциялардын бешинчи пакетинин үстүндө иштеп жатканын эске салып: «Бешинчи пакет азыркы абалы менен Орусиянын агрессиясына жана орус кылмышына жетиштүү жооп эмес»,-деди.
Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын көбөйтүлүшү керектигин жактаган Кулеба, Европа Биримдигинин бешинчи санкция пакетинин SWIFTтен чыгарылган орус банктарын, орус мунай, газ жана көмүрүнө эмбарго киргизүү чараларын жана Евробиримдиктин портторун орус кемелерине жабууну камтышы керектигин айтты.
Кулеба буга чейин орус армиясынын Киев аймагындагы жайкын тургундарды атайылап өлтүрүшү боюнча G7 өлкөлөрүнө кайрылып, Орусияга каршы жаңы “кыйратуучу санкцияларды” киргизүүнү талап кылган.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718727631)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.