Түндүк Кореядан түштүк коңшусуна эскертүү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Йонг жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түштүк Кореянын коргоо министри Сух Вуктун өлкөсүнө кол салуу сөздөрүн сынга алды.

1806341
Түндүк Кореядан түштүк коңшусуна эскертүү

Түндүк Корея Түштүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы «алдын ала кол салуу» билдирүүлөрүнө жооп кайтарды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Йонг жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түштүк Кореянын коргоо министри Сух Вуктун өлкөсүнө кол салуу сөздөрүн сынга алды.

Ким Йо Йонг Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасындагы билдирүүлөрүндө министр Вукту «мааниси жок жана ойлонбогон адам» деп мүнөздөп, Вуктун сереп салуусунан улам Түштүк Кореянын «олуттуу коркунучка» туш болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Пак Йон Чон да азыркы кырдаалда ар кандай туура эмес чечим же башка тарапка таасир эте турган жаман билдирүү «коркунучтуу жаңжалга жана толук кандуу согушка» алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Вук 1-апрелде Түндүк Кореянын өз өлкөсүнө ракета атуу ниетин аныкташса, түндүккө кол салууга мүмкүнчүлүгү жана даярдыгы бар экенин билдирген.

Түндүк Корея 24-мартта ракета сыноосун өткөрүп, анын «жаңы типтеги» континенттер аралык баллистикалык ракета (ICBM) экенин жарыялаган. Бул ракетанын «биринчи жолу учурулганы» жана сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын көзөмөлүндө болгону белгиленди.

Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракетасы 6200 километрден ашык бийиктикте болжол менен 1080 километр учуп өткөнүн билдирди.

Жапония ракета Хоккаидадагы Ошима аймагынан 150 чакырым батыш тарапка жана улуттук өзгөчө экономикалык аймакка түшкөнүн ырастаган.



Тектеш кабарлар