Украинада Z жана V символдорун колдонууга тыюу салынды
Россия - Украина согушунда орус танктары менен бронетранспортерлериндеги Z жана V тамгалары көңүлдөрдү бурган.
1806080
Украина парламенти орус аскерлери колдонгон Z жана V символдорун колдонууга тыюу салган мыйзамды кабыл алды.
Украина бийлиги «Элдик кызматчы» партиясынын расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, Украина парламентинин депутаттары 1-апрелде кабыл алган мыйзамга ылайык, Россия “террордук өлкө” деп таанылды.
Кабыл алынган мыйзам менен Украинага кол салган орус армиясынын символуна айланган Z жана V символдорун колдонууга да тыюу салынды.
Сөз болуп жаткан мыйзамды даярдаган украиналык депутаттардын бири Никита Потураев өлкөсүнө каршы агрессивдүү актыны пропагандалоого тыюу салынганын ырастады.
Россия - Украина согушунда орус танктары менен бронетранспортерлериндеги Z жана V тамгалары көңүлдөрдү бурган.