АКШ Украинага жаңы аскердик жардам берет

Жон Кирби Украинага 300 миллион долларлык жаңы аскердик жардам көрсөтө тургандарын айтты.

1806074
АКШ Украинага жаңы аскердик жардам берет

Америка Кошмо Штаттарынын  Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби Украинага 300 миллион долларлык жаңы аскердик жардам көрсөтө тургандарын айтты.

Washington Post гезитинин кабарына караганда Кирби басма сөзгө берген маалыматында Украинага жаңы аскердик жардам тууралуу карап чыгышарын айтты.

Кирби украин армиясын күчтөндүрүү аракеттеринин алкагында Украинага учкучсуз учактар, бронетранспортер жана пулемет сыяктуу 300 миллион долларга чейин аскердик жардам бере тургандарын жарыялады.

Катчы Кирби жардам берүү чечиминин АКШнын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгү экендигин  баса белгиледи. Жардамдын алкагында аскердик техникалардын арасында түнү көрүүчү термал камералары, коопсуз байланыш каражаттары жана медициналык каражаттардын да боло турганы белгиленди.

АКШ 11 - мартта Сенаты Россия менен согушуп жаткан Украинага 13,6 миллиард доллар жардам көрсөтүүнү камтыган бюджет долбоорун жактырды.

Президент Жо Байдендин администрациясында АКШнын Украинага берген коргонуу колдоосу 2,3 миллиард доллардан ашканы маалымдалды. АКШ Украинанын учууга тыюу салынган аймак түзүү жана согуштук учактарды жөнөтүү сунушун четке каккан.



Тектеш кабарлар