Зеленский Türkiyeге ыраазычылык билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн кепили болууга даяр болгону үчүн  Türkiyeге ыраазычылык билдирди.

1805334
Зеленский Türkiyeге ыраазычылык билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн кепили болууга даяр болгону үчүн  Türkiyeге ыраазычылык билдирди. Владимир Зеленский Телеграм  каналынан берген маалыматта Россиянын Украинага 24 -  февралда ачкан  согуш тууралуу маалымат берди.

Согуштун уланып жаткандыгын белгилеген Зеленский : «Душмандын ойлогонунан дагы көпкө чыдадык. Алар согуштун  4 же  5  күнгө созуларын жана бул убакыттын  өлкөбүздү колго алуу үчүн жетерин ойлошту. Бирок биз чыдап жатабыз. Согушууну улантуудабыз»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн жана Россия менен Украина делегацияларынын шейшемби күнү Стамбулда болгон сүйлөшүү жыйынын карап чыгышкандарын айткан Зеленский :  "Türkiyeге Украинанын коопсуздугунун кепил болууга даяр экендиги үчүн ыраазыбыз",- деди.



Тектеш кабарлар