Шахин менен Түрежиге ардактуу докторлук наамы

Антверпен университетинин Медицина жана ден соолук илимдери факультети Шахин менен Түрежиге ардактуу докторлук наамын ыйгарды.

1805356
Шахин менен Түрежиге ардактуу докторлук наамы

Германиянын BioNTech биотехнология компаниясынын негиздөөчүлөрү түрк илимпоздору профессор Угур Шахин менен профессор Өзлем Түрежи коронавирус (Ковид-19) вакцинасы технологиясындагы алгачкы иштеринен улам Бельгиянын Антверпен университетинин ардактуу докторлук наамын алышты.

Антверпен университетинин Медицина жана ден соолук илимдери факультети Шахин менен Түрежиге mRNA технологиясындагы алдыңкы иштери жана анын негизинде миллиондогон адамдардын өмүрүн коргогон вакцинаны иштеп чыгуулары үчүн ардактуу докторлук наамын ыйгарды.

Университетте конференция менен биргеликте өткөрүлгөн презентацияга Брюссель элчиси доктор Хасан Улусой да катышып куттуктоосун айтты.



Тектеш кабарлар