Орусия: "Украина мунай иштетүүчү заводго сокку урду"

Белгород губернатору Вячеслав Гладков жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, шаардагы мунай иштетүүчү заводдо болгон жарылуудан улам өрт чыкканын айтты.

1805453
Орусия: "Украина мунай иштетүүчү заводго сокку урду"

Украин армиясына таандык тик учактардын Орусиянын Белгород шаарындагы мунай иштетүүчү заводго ​​кол салгандары маалымдалды.

Белгород губернатору Вячеслав Гладков жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, шаардагы мунай иштетүүчү заводдо болгон жарылуудан улам өрт чыкканын айтты.

Өрттүн Орусияга жапыз бийиктикте учуп кирген Украина армиясынын тик учактарынын кол салуусунан улам чыкканын белгилеген Гладков, мунай иштетүүчү заводдогу жарылуудан каза болгондор же жаракат алгандардын катталбаганын айтты.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен берилген маалыматта, Украина чек арасына 40 километр алыстыкта ​​жайгашкан мунай иштетүүчү заводдун жанындагы жарандардын эвакуацияланганы жана өрт өчүрүү иштеринин уланып жатканы белгиленди.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ Украинада 28 аскердик инфраструктура объектисинин жок кылынганын кабарлады.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар