Орус аскерлери Украинага чабуулун улантып жатышат

Игорь Конашенков, орус аскерлеринин жикчил күчтөр менен Донбасста алдыга жылышын улантып жатканын билдирди.

1805737
Орус аскерлери Украинага чабуулун улантып жатышат

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, орус аскерлеринин жикчил күчтөр менен Донбасста алдыга жылышын улантып жатканын билдирип: «Жогорку тактыктагы десанттык куралдар менен Украина армиясынын 5 ракетасы, артиллериялык жана ок-дарылар кампасы жана күйүүчү май сакталган 6 аскердик объектиси жок кылынды. Алар Богуславск, Крестище, Резников, Великая Новоселька райондорунда жайгашкан»,-деди.

Орус аба күчтөрүнүн Лубимковка конушунун айланасында абада украиналык Ми-8 тик учагын жана Лисичанск, Донецк, Чернигив, Коросун, Новомихайловское, Ваховка калктуу конуштарында 8 учкучсуз учуучу аппаратты жок кылганын белгилеген Конашенков, аба-тактикалык бөлүктөрүнүн болсо Украинанын 52 аскерий объектисин талкалаганын айтты.

Конашенков: «Учурда Украина армиясына таандык 124 учак, 81 тик учак, 353 учкучсуз учуучу аппарат, 1839 танк жана брондолгон унаа, 202 ракета аткычтар, 773 пушка жана миномет, 1711 атайын аскердик унаа жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар