Кытайдын тышкы иштер министри: "Чоң жыйырманы эч ким бөлө албайт"

Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү Индонезия, Филиппин, Таиланд жана Мьянманын тышкы иштер министрлеринин 31-марттан 3-апрелге чейинки Кытайга сапарлары бүгүн башталды.

1805585
Кытайдын тышкы иштер министри: "Чоң жыйырманы эч ким бөлө албайт"

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, дүйнөнүн эң чоң 20 экономикасынан турган Чоң жыйырмалык тобунун ар бир мүчөсү бирдей статуска ээ экенин, бул топту бөлүүгө эч кимдин кудурети жетпей турганын айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү Индонезия, Филиппин, Таиланд жана Мьянманын тышкы иштер министрлеринин 31-марттан 3-апрелге чейинки Кытайга сапарлары бүгүн башталды.

Министр Ванг индонезиялык кесиптеши Ретно Марсуди менен Аньхой провинциясынын Тунши шаарында жолугушту.

Жолугушууда эки тараптын Чоң жыйырмалыктын алкагында кызматташтыкты жана координацияны арттыруу боюнча макулдашканын билдирген Ванг, Индонезиянын 15-16-октябрда Балиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине ийгиликтүү кожоюндук кылуусу үчүн керектүү колдоону бере турганын баса белгиледи.

Чоң жыйырмалыктын макроэкономикалык саясаттарды координациялоого басым жасашы керектигин жана саясатка курал болбошу керектигин баса белгилеген Ванг: «Бардык мүчөлөр бирдей статуска ээ жана G20ны бөлүүгө эч кимдин укугу жок»,-деди.

Вангдын сөздөрү, Орусиянын Чоң сегиздиктен чыгарылышы сыяктуу Украинадагы согуштан улам G20дан чыгаруу аракетине Пекиндин каршы чыгышы мүмкүн экенин көрсөттү.

Дүйнөнүн 8 ири экономикасы түзгөн Чоң сегиз тобу, 2014-жылы Крымды аннексиялап алышынан кийин Орусияны чыгарып, кийинки жылдары G7 деп аталып калган.



Тектеш кабарлар