DITIB жана TDV Нигериядагы муктаждарга жардам көрсөтүүдө

Рамазан программасынын алкагында Нигериядагы муктаждарга жардам пакеттери таратылууда.

1805404
DITIB жана TDV Нигериядагы муктаждарга жардам көрсөтүүдө

Түрк-Ислам Дин иштери биримдиги (DITIB), «Сизге муктаж болгон бир туугандарыңыз бар» темасы менен Türkiye Диянет Фонду (TDV) менен биргеликте башталган Рамазан программасынын алкагында Нигериядагы муктаждарга жардам пакеттерин тарата баштады.

TDV өкүлү Мехмет Саваш Энич Рамазан айынын алдында (2-апрель-2-май) Нигериянын Кано облусундагы 4- аймакта түрк кайрымдуулары тарабынан даярдалган жардам пакеттерин муктаждарга тараткандарын айтты.

Рамазан айы бою өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы муктаждарга 2 миң азык-түлүк пакетин тарата тургандарын белгилеген Энич: «Кано облусунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө 900 азык-түлүк пакетин таркатуу менен баштадык. Ал жерде биз суу кудугунун долбоору боюнча талаа изилдөөсүн да жүргүздүк»,-деди

Бул жердеги адамдардын тамак-ашка канчалык муктаж экенин көрүп жатканын белгилеген Энич: «Биз адамдардын аябай кубангандарын көрдүк жана албетте була да Рамазандын берекесин бөлүшүүбүздүн эң чоң себептеринин бири, бизди да абдан кубандырды»,-деп билдирди.

Türkiyeнин ар дайым африкалыктардын жанында экенин айткан Энич, көрсөткөн жардамдарынан улам түрк элине ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар