БУУ Сомалиде жаңы тынчтык күчү миссиясын бекитти

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сомалиде улуттук коопсуздукту жергиликтүү элементтерге өткөрүп бере турган жаңы тынчтык күчтөрүн түзүүнү жактырды.

1805641
БУУ  Сомалиде жаңы тынчтык күчү миссиясын бекитти

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Сомалиде улуттук коопсуздукту жергиликтүү элементтерге өткөрүп бере турган жаңы тынчтык күчтөрүн түзүүнү жактырды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин билдирүүсүндө, Кеңештин кечээки жыйынында Африка Биримдигинин Сомали Миссиясын (AMISOM) Африка Биримдиги Сомали Өткөөл Миссиясына (ATMIS) айландырууга чечим чыгарылганы белгиленди.

Билдирүүдө өлкөдөгү тынчтык жана коопсуздукка карата коркунучтардын бир гана аскердик жолдор менен эмес, мыйзамдын үстөмдүгү жана камтыган саясий кадамдар менен чечсе болору эскертилди.

Өлкөнүн коопсуздугун этап-этабы менен Сомали армиясына өткөрүп бере турган жаңы миссия 12 айга дайындалып, бул мөөнөттүн дагы бир жылга узартылышы күтүлүүдө.

Африка Биримдиги Сомали Өткөөл Миссиясы аскерлердин санын үзгүлтүксүз кыскартып, аскерлер чыккан жерлерди Сомали күчтөрүнө калтырат.

Сомалиде өлкөнүн коопсуздугун коркунучка салган жана көптөгөн айыл жана шаарларды көзөмөлдөгөн террордук уюм Эш-Шабааб менен күрөшкөн Африка Биримдиги Сомали Өткөөл Миссиясы 15 жылдан бери бул жерде кызмат кылууда.

Африка Биримдиги Сомали Өткөөл Миссиясы армиясы Уганда, Бурунди, Жибути, Кения жана Эфиопиядан келген 20 000 жоокерден турган.



Тектеш кабарлар