Украина орус күчтөрүнүн жоготууларын жарыялады

Украинанын Башкы штабы, орус армиясынын 24-февралдан 31-мартка чейинки жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

1804797
Украина орус күчтөрүнүн жоготууларын жарыялады

Украинага кол салган орус армиясынын 17 миң 500 аскерин, 135 учагын, 131 тик учагын жана 614 танкын жоготкондугу билдирилди.

Украинанын Башкы штабы, орус армиясынын 24-февралдан 31-мартка чейинки жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык Украинага кол салган орус армиясынан 17 миң 500 аскер өлтүрүлүп, орустарга таандык 135 учак, 131 тик учак, 614 танк, 1735 бронетехника, 311 артиллерия, 96 ракета атуу системасы жана 54 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1201 унаа, 7 кеме жана жеңил ылдамдыктагы катер, 75 күйүүчү май ташуучу унаа жана 83 учкучсуз учакты жоготту.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар