НАТО Türkiyeге ыраазычылык билдирди

Столтенберг НАТОнун 2021- жылдык отчетун жарыялоо үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөргөн маалымат жыйында, Украина-Орусия согушундагы акыркы абалга токтолду.

1805116
НАТО Türkiyeге ыраазычылык билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө кожоюндук кылган Türkiyeге ыраазычылык билдирди.

Столтенберг НАТОнун 2021- жылдык отчетун жарыялоо үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөргөн маалымат жыйында 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушундагы акыркы абалга токтолду.

Согуштун бүтүшү үчүн жасалган ар кандай аракетти кубаттагандарын белгилеген Столтенберг: «Ушул алкакта Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Türkiyeге ыраазычылык билдирем»,-деди.

Орусиянын Киевдин айланасында жана Украинанын түндүгүндөгү кол салууларын азайтат деген билдирүүлөрдү уккандарын айткан Столтенберг: «Орусия өзүнүн ниети тууралуу бир нече жолу калп айтты. Биз Орусияны риторикасы менен эмес, иш-аракети менен баалайбыз»,-деп айтты.

Столтенберг: «Биздин чалгындоо маалыматтарына ылайык, орус элементтери чегинбей, кайра жайгашып жатат. Орусия кайрадан чогулуп, Украинанын Донбасс аймагындагы чабуулун чыңдоодо. Ошол эле учурда Орусия Украинанын борбору Киевге жана берки шаарларга кысымын улантууда. Ошондуктан көбүрөөк кайгыны пайда кыла турган дагы көп чабуулдарды күтсөк болот»,-деп билдирди.

Орусиянын кризисти чечүү үчүн дээрлик эч кандай саясий эрк көрсөтпөгөнүн баса белгилеген Столтенберг, Орусияны дагы бир жолу согушту токтотууга жана диалогго чакырды.

Баш катчы Украинага НАТОнун өнөктөштөрүнүн колдоосу улана турганын билдирди.



Тектеш кабарлар