Конго Демократиялык Республикасында тынчтык күчү аскерлерин ташыган тик учак кырсыкка учурады

Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс  брифингинде  Конго Демократиялык Республикасында тынчтык күчүнүн 8 аскерин ташыган  тик учак менен байланыштын үзүлгөндүгүн айтты.

1804022
Конго Демократиялык Республикасында тынчтык күчү аскерлерин ташыган тик учак кырсыкка учурады

Конго Демократиялык Республикасынын  чыгышында уланып жаткан кагылышууларда 3 айда 400 жаран каза болуп, 83 миң киши жер которду.

Бириккен Улуттар Уюмунун  гуманитардык координациялык кеңсеси берген  билдирүүдө 2022 - жылдын 1 - январынан бери Конго Демократиялык Ресбупликасынын Итури провинциясында көптөн бери болуп  келе жаткан кагылышуулардан улам 400 жарандын  каза болгону жана 83 миң кишинин жер которгондугу белгиленди. .

Итуриде уланып жаткан кагылышуулардын коркунучтуу деңгээлге жеткени баса белгиленген билдирүүдө, аймактагы жардам уюмдарынын иш-аракеттерин токтотууга мажбур болгону маалымдалды.

Билдирүүдө кагылышуулардын күн санап күчөгөнү баса белгиленип, Итуридеги Ируму шаарында акыркы 2 жумада эле 80 жарандын каза болгондугу билдирилди.

Итури провинциясында болжол менен 2 миллион кишинин жер которгондугу белгиленип,  5 миллион калкы бар штатта 3 миллион кишинин азык-түлүк жардамына муктаж экени белгиленди.

Өлкөдө эки күндөн бери Конго армиясы менен өлкөнүн чыгышындагы кээ бир аймактарды көзөмөлгө алууга аракет кылган 23 - Март кыймылынын (М23) мүчөлөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар жүрүп жатат.

2014 - жылдан бери өлкөнүн чыгышында чыга баштаган козголоңчулардын чабуулдарынан миңдеген жарандын каза болгону болжолдолууда.

Руанда, Уганда жана Бурунди чек аралары жайгашкан Конго Демократиялык Республикасынын  чыгышында 20 жылдан бери алтын жана кобальт сыяктуу кендерди көзөмөлдөөгө аракет кылган куралдуу топтордун кол салууларына жана кагылышуулары болууда.

Бириккен Улуттар Уюму Конго Демократиялык Республикасында тынчтык күчү аскерлерин ташыган тик учактын кырсыкка учурагандыгын жарыялады. 

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс  брифингинде  Конго Демократиялык Республикасында тынчтык күчүнүн 8 аскерин ташыган  тик учак менен байланыштын үзүлгөндүгүн айтты. 

Тик учактагы  6 аскердин Пакистандан, бирөөсүнүн Россия, бирөөсүнүн да Сербиядан экендигин белгилеген Дужаррик издөө -  куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын айтты. 

БУУ тынчтык күчү аскерлерин ташыган тик учактын акыркы күндөрдө Конго армиясы жана М23 деп билинген куралдуу бир топтун ортосундагы кагылышуулар болгон Цшанзу  аймагында чалгындоо үчүн чыккандыгын айткан Дужаррик окуянын себебине байланыштуу териштирүүнн баштатылгандыгын белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар