Германия Украинада ыктымалдуу тынчтык үчүн кепил мамлекет болууну каалайт

Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт көптөгөн өлкөнүн гарант катары сунуш кылынганын, Германиянын да кепил өлкөлөрдөн боло ала турганын айтты.

1804565
Германия Украинада ыктымалдуу тынчтык үчүн кепил мамлекет болууну каалайт

Германия Украина менен Россиянын ортосундагы ыктымалдуу тынчтык келишиминде “кепил мамлекет” болууга даяр.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт Берлиндеги маалымат жыйынында канцлер Олаф Шольц менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин  акыркы телефон аркылуу  сүйлөшүүсүндө бул маселени талкуулашканын белгилеп : "Германия  башка бир нече өлкө сыяктуу албетте Украина үчүн коопсуздук кепил болууга  даяр",- деди. 

Бул согушта аскердик  актер болууну каалабагандарын билдирген Хебестрейт көптөгөн өлкөнүн гарант катары сунуш кылынганын, Германиянын да кепил өлкөлөрдөн боло ала турганын айтты.

Хебестрейт  бул маселе дагы талкууга алынышы мүмкүн экендигин айтты. 

 



Тектеш кабарлар