Британия Россияга карата санкциялардын жоюлбай тургандыгын билдирди

Жонсон общиналар палатасында өткөн жумалык Премьер  - министрге суроолор жыйынында сөз сүйлөдү.

1804497
Британия Россияга карата санкциялардын жоюлбай тургандыгын билдирди

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштан улам Россияга киргизилген санкциялардын ок атышпоо келишими түзүлсө дагы жоюлбай  турганын жарыялады. Жонсон общиналар палатасында өткөн жумалык Премьер  - министрге суроолор жыйынында сөз сүйлөдү. 

Бийликтеги консервативдик партиянын депутаты Жонни Мерсердин Украинага көбүрөөк аскердик жардам көрсөтүү чакырыгына жооп катары  премьер - министр Жонсон Мерсердин айтканы абдан туура экенин,  аскердик жана коргонуу жагынан колдоо көрсөтүүнү эки эсеге көбөйтүү керектигин айтты.

Жонсон : "Айрыкча дүйнөдөгү досторубуз жана өнөктөштүрүбүздүн  санкциялардан баш тартпашы үчүн аракет кылабыз. Негизинен Владимир Путинге карата экономикалык кысымды арттырышыбыз керек жана ок атышпоо түзүлгөнү үчүн санкциялардын жоюлушу акылга сыйбайт. Менин оюмча ойго да келбеши керек",- деди. 

Борис Жонсон россиялык киши жана мекемелерге карата санкцияларда  "кайра кайтуунун" болбошу керектигин баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар